Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде аяк сөзү бут сөзүнүн синоними катары айтылат. Бул сөз ай+ак морфомаларынан куралган. Ай уңгусу азыркы атта этишинин ат дегенине туура келет. Бул ат деген уңгу «кадам» эке «кадамда» деген маани деп эсептесек, анда ат+ак сөзү «басып жүргүч орган» дегенге жакын сөз болуп чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын, канаттуулардын, айбандардын басуу үчүн кызмат кыла турган мүчөсү. Акбар аягын тазалап, секретардын кабинетин карай бет алды (Убукеев). Мышык жеңил секирип, эки арткы аягы менен тура калды (Сыдыкбеков). 2. Ар кандай буюмдардын эмерек, жерге тийип турган бөлүгү, буту. 3. Акыры, бүтөр мезгили, бүткөн жери. Көчөнүн аягы. Август айынын аяк чени. Айганыш окуянын аягын угууга чыдамсызданганын билгизди (Байтемиров).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жыгачтан жасалган көлөмү анча чоң эмес, тегерек идишти билдирүүчү аяк сөзү алгачкы атак деген сөздөн келип чыгат. Аны мындай чечмелөө мүмкүн. Байыркы замандагы мал чарбачылыгы менен кесип кылган көчмөн ата-бабаларыбыз малдын терисинен кийим кийип, андан буюм-тайым, идиш-аяк жасагандыгы белгилүү. Анткени ал кезде териден жасалган буюмдар, идиштер көчүп-конуп журүүгө ылайык келген. Алар сынбайт, оңой менен айрылбайт. Ошондуктан аяк деген идишти алар алгач кара малдын шыйрагынын туюк сыйрып алган терисинен жасашкан. Ошол шыйрактын терисинен жасалганы үчүн ал ошондой аяк (айак) деген атка ээ болгон. Табак, баштык, казан деген сөздөр да ушундайча пайда болгону ушуну ырастайт (Алар жөнүндөгү маалыматтарды тиешелүү сөздөрдөн окуңуздар).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыгачтан тегерек оюп жасалган идиш. Сыр аяк. Бактыгүл аш айран куйду да, аякты эрине сунду (Сыдыкбеков). 2. Жалпы эле аш куюп иче турган идиш. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет (макал). Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө (макал).